Добавить новость
ru24.net
World News
Февраль
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28

Бишкекке Европарламент делегациясы келгени кабарланды

0
Европарламенттин Адам укуктары комитетинин төрагасы Мунир Сатури жетектеген депутаттарынан турган делегация Бишкекке келгенин "Социал-демократтар" партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбековдун жакындары 25-февралда "Азаттыкка" кабарлашты.


Маалыматка ылайык, делегациянын курамындагы депутат Бруно Гонсалвес Темирлан Султанбековдун ишине "жашыруун" деген гриф коюлганына тынчсыздануусун билдирген.



Ушундай эле маалыматты айрым басылмалар Президенттик администрацияга шилтеме кылып жазууда. Ага ылайык, Европарламент мүчөлөрү Бишкекке президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келишкен.


Бийлик Европарламент делегациясынын сапары тууралуу расмий билдире элек.



Европарламенттин Бишкекке февралдын аягына белгиленген сапары Кыргызстандын сунушу менен болбой калганын Европа парламентинин Адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы Мунир Сатури ушул айыдн башында өкүнүч менен билдирген.


Көп өтпөй Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирүү таратып, Европарламенттин делегациясынын сапары таптакыр токтотулуп калбаганын түшүндүргөн. Сапардын так мөөнөтү алдын ала макулдашылбагандыктан жана тышкы саясий иш-чаралардын графиги тыгыз болгондуктан аны кийинки убакытка калтыруу сунушталганы кабарлаган.




Былтыр декабрда Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына жана "Социал-демократтар" партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбековго байланыштуу резолюция кабыл алган. Документте өлкө демократия жолунан тайганы жазылган. Ошондой эле аталган уюм менен расмий Бишкектин ортосундагы Кызматташтык жана өнөктөштүк тууралуу келишимдин алкагындагы демократиялык стандарттарды, жарандын эркиндигин урматтоо чакырыгы камтылган.



Кыргызстандын ТИМи Еврошаркеттин дооматтарын четке кагып, анын бул резолюциясын өлкөнүн сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттаган.(AiB/ZKo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Елена Рыбакина заменила первую ракетку мира на турнире за 100 миллионов






Подмосковье приняло участие в турнире по боксу в честь 80-летия Победы

Hisense приняла участие в международной выставке ARTDOM

Московский областной центр крови получил новое оборудование на 93 млн рублей

Слово «обоюдно» стало популярным у российских школьников