Пакистанда медреседе бомба жарылганда алты киши каза тапты
Жарадар болгон бир нече кишинин арасында медресенин жетекчиси, “Талибан” кыймылынын түптөөчүлөрүнүн бири Маулана Сами уль-Хактын уулу Маулана Хамид уль-Хак бар деп маалымдалды.
Регионалдык полициянын өкүлү Нажибур Рахмандын айтымында, анын абалы оор.
Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.
Дарул Улум Хаккания деген окуу жай Ооганстан менен чек арага карай кеткен жолдун таманында жайгашкан. Дал ошол жерден 1990-жылдары “Талибан” кыймылы башат алган. Медресе көп учурда радикал исламчылардын инкубатору катары сүрөттөлүп келет.
Пакистан ашынган динчилдер, экинчи жагынан жаратылыш ресурстары адилет бөлүнгөн эмес деген жикчил этникалык согушкер топтордун козголоңу менен күрөшүп келатат.