Борбордогу Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Сансыз Мирзираимовдун жеке көргөзмөсү өттү. Музейге өнөр ээсинин соңку 15 жыл ичинде тарткан 55 тандалма эмгеги коюлду. Мирзираимов эмгектерин эркин темаларда иштеп, абстракция, авангард, модерн стилдерине басым жасайт.