Укук коргоочу камактагы журналистти ооруп жаткан апасына жолуктурууну суранууда
Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасында бийликке кайрылып, журналистти убактылуу кое берип, ал абакка кайтып келерине өзү кепилдик болорун жазды.
Азамат Ишенбековдун жакындары чоң апасы Токмоктогу ооруканада экенин ырасташты.
Азырынча бийлик укук коргоочунун кайрылуусуна жооп бере элек.
Азамат Ишенбековдун 75 жаштагы чоң энеси Гүлира Абдраимакунова эки көзү көрбөй калган, ден соолугу дагы начарлап жатканы айтылган.
“Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери, беш жылга эркинен ажыратылган Азамат Ишенбеков Чүйдүн Петровка айлындагы №8 абагында жаза өтөп жатат.
25-февралда Жогорку соттун коллегиясы Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси, журналист Махабат Тажибек кызынын жана “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун кассациялык даттануусун карап, жазасы тууралуу Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотторунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.
Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен.
Бийликти сындаган материалдарды жарыялап келген Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, жетектеген жана кызматташкан 11 журналист жана активист 2024-жылы январь айында кармалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен айып тагылган. Соттолгондор өзүлөрү айыпты четке кагышкан. Айып тагылган жети журналист аракетинде кылмыш курамы жок деген негизде акталган.
Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан. (TSh)