Казакстанда айылдарга казакча аталыш берүүнү талап кылган депутатты партиясы жетекчиликтен бошотту. Бийликке ыктаган “Ауыл” партиясы Жигули Дайрабаевди партиянын төрага орун басарлыгынан алууну колдоду. Дайрабаев Түндүк-Казакстан облусуна барганда өзүн чет өлкөдө жүргөндөй сезгенин айткан.