Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2;
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5.
Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз -1…+1° болот.