Добавить новость
ru24.net
World News
Март
2025
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

“Ыйман Нуру” депутат Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды

0
Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча макулдашуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин депутат Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды.


Фракциянын 5-марттагы кезексиз жыйында Динара Ашимова, Эрнис Айдаралиев, Винера Раимбачаева Султанбай Айжигитовду “Ыйман Нурудан” чыгарууну колдоду. Замирбек Мамасадыков добуш берүүдөн карманып, Султанбай Айжигитов өзү каршы болду.


Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе Ворух анклавына коридор ачыларын” билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Достук айылы Тажикстанга толук берилип, Кыргызстан ага жараша жер жана айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан дагы 30 гектар кошумча жер алып жатканын айткан.


Достук – район борбору Баткенден 40 чакырымдай түндүк-батышта, Тажикстандын Исфара–Ворух жолуна жакын жайгашкан чакан айыл. 70тей турак жай бар. 2021-жылдагы чек ара жаңжалында он чакты үй талкаланып, кайра курулган.


2022-жылы да чек арадагы жаңжалда айыл дээрлик толугу менен талкаланып, атайын план менен кайра курулуп, түптөлгөн. Социалдык мекемелер, мектеп баары жаңыланган.


Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.


Парламенттеги “Ыйман Нуру” фракциясынын беш мүчөсү бар. Анын мурдагы лидери Нуржигит Кадырбеков 2024-жылы август айында мандатын тапшырып, Динара Ашимова лидер болуп калган. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Серена Уильямс

Серена Уильямс стала совладельцем первой команды женской НБА из Канады






Процедуры по регистрации прав собственности по результатам торгов разъяснили специалисты Росреестра

Жителям Подмосковья разъяснили правила оформления единого пособия для семей с детьми

Почитай мне о любви. Запущена акция билайна к 8 марта

Банкротами стали уже более 1,5 миллиона россиян