Түштүк Корея менен визалык режимди жеңилдетүү келечеги сүйлөшүлдү
ТИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушуу 6-мартта болду. Анда консулдук чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн азыркы абалы жана келечеги талкууланды. Ошондой эле Кыргызстандын жалпы жарандык паспортторунун ээлери үчүн, мамлекеттер ортосунда түз аба каттамдарын ачуу шартында визалык режимди жеңилдетүүнүн келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду.
Жолугушууда өзгөчө көңүл Түштүк Кореяда жүргөн кыргызстандык жарандардын укуктарын коргоо жана алардын эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүүгө бурулду.
Кыргыз тарап эки мамлекеттин жарандарын социалдык камсыздоо маселелери боюнча, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюу аркылуу кызматташтыкты активдештирүүнү демилгеледи.
Жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылыкты жараткан бардык маселелер боюнча тыгыз жана үзгүлтүксүз байланыштарды сактоону макулдашты.
Кыргызстан менен Түштүк Кореянын соода алакасы 1 миллиард доллардын тегерегинде. Мунун 99 пайыздан ашыгы Түштүк Кореянын товарларынын экспорту түзөт.
ТИМдин маалыматына ылайык, бул өлкөдө 15 миңге жакын кыргызстандык эмгек мигранты иштейт.(ZKo)