Добавить новость
ru24.net
World News
Апрель
2025

Иранда порттогу жарылуудан каза болгондор 25 кишиге жетти

0

Ирандын түштүгүндөгү Бендер-Аббас шаарындагы Шахид-Ражаи портундагы жарылуудан каза болгондордун саны 25 кишиге жетип, 1139 адам жараат алганын IRNA агенттиги жазды. Порт жайгашкан Хормозган провинциясында үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Ишемби күнү портто катуу жарылуу болуп, Бендер-Аббас шаарынын батыш тарабындагы өндүрүштүк ишканалар жана бир катар жайлар жабыркаган. Ирандык медиа билдиргендей, жарылуунун айынан алыстагы бир канча имараттын терезеси күбүлүп түшкөн.

Кризистик кырдаалды башкаруу боюнча ирандык уюмдун өкүлү Хоссейн Зафари жарылуу химиялык заттар контейнерде туура эмес сакталгандан улам чыкканын айтты. Бирок себеби белгилүү болмоюнча, азырынча бул тууралуу так кесе айтууга мүмкүн эместигин билдирди.

Буга чейин порттун бажысы жарылуу болгон контейнерге жакын жерде "кооптуу жүктөр жана химикаттар" болушу мүмкүн экенин билдирип, ошол аймактан жүк ташуучу автоунааларды эвакуациялап жатканын маалымдаган.

Жекшембинин таңында Tasnim агенттиги портто өрттөнүп жаткан контейнерлердин сүрөтүн жарыялады.

Шахид-Ражаи порту Ормуз кысыгынын жанында жайгашкан. Бул жер Ирандын эң чоң контейнердик түйүнү катары өлкөнүн суу аркылуу ташылчу жүктөрүнүн көбүн тейлейт.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса