Добавить новость
ru24.net
World News
Май
2025

Ооганстанда эки жүздөн ашуун окуучу кыз белгисиз затка ууланды

0

Ооганстанда 240ка жакын окуучу кыз сабак учурунда өзүн начар сезип, абалы оорлоп, мугалимдер дарыгер чакырууга мажбур болушканын "Азаттыктын" ооган кызматы ("Азади") билдирди. Окуя Дайкунди провинциясына караштуу Кайт районунда башталгыч мектептердин биринде болгон.

"Азади" радиосу жарыялаган видеодон кыздарга медициналык жардам берилип жатканын көрүүгө болот. Алар кайсы бир вируска чалдыккан же ууланган болушу ыктымал экени айтылууда. Бирок так себеби белгисиз.

Дарыгерлер кыздардын баарынын деми кыстыгып, жүрөгү айланып кыйналганын, айрымдарын абалы оорлогондуктан ооруканага жаткырууга мажбур болушканын айтып беришти.

Ушундай эле окуя аталган райондогу мектептердин биринде былтыр да катталган. Анда да 80ге жакын окуучу кыздын жана мугалимдердин деми кыстыгып, дарыгерлерди чакыртышкан.

Окуучу кыздар жапырт ууланган фактылар ага чейин да катталып келген.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Ооганстанда бийлик талибдердин колуна өткөндөн бери бул өлкөдө "аялдардын укугу боюнча дүйнөдөгү эң олуттуу кризис жаралды" деп эсептей турганын өз баяндамасында белгилеген. Талибдер келгенден бери Ооганстан кыздар алтынчы класстан кийин мектепке баруу укугунан ажыратылган жалгыз өлкөгө айланганы, аялдардын эркин басып-туруу, медициналык жардам алуу, спорт менен машыгуу укугу чектелгени, гендердик зомбулукка кабылган кыз-келиндер коргонуу укугунан ажыраганы айтылган. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса