Добавить новость
ru24.net
World News
Май
2025

Бишкектеги мектепке Кемел Токаевдин ысымы ыйгарылды

0

Бишкектин №33 гимназия мектебине казак жазуучусу жана Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаевдин атасы Кемел Токаевдин ысымы ыйгарылганын 10-майда кыргыз президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Кемел Токаевдин ысымын ыйгаруу демилгеси президент Садыр Жапаровго таандык болгон.

Аталган мектептин имаратында мурда Фрунзе жөө аскерлер окуу жайы жайгашчу, ал жерде Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Кемел Токаев да окуган жана фронтко ошол жактан чакырылган.

Бир ай мурда №33 мектепке казак президенти атайын автобус белек кылган болчу.
Эгемен Казакстандын экинчи президенти Касым-Жомарт Токаев бул кызматты 2019-жылдан бери аркалап келе жатат. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса