Израил Газанын түндүк жана түштүк бөлүктөрүндө жердеги толук масштабдуу операциясын баштаганын жекшембиде жарыялады. АКШ жана ЕБде террордук деп таанылган ХАМАС көзөмөлдөгөн тилкенин саламаттыкты сактоо мекемеси Израилдин соккуларынан 100дөн ашуун палестиналыктын өмүрү кыйылганын маалымдады.