Добавить новость
ru24.net
World News
Май
2025

2024-жылы Кыргызстанда калктын акчалай кирешеси 12,9% көбөйдү

0

Кыргызстандын калкы 2024-жылы 926 млрд сом акчалай киреше тапты. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады.

Муну менен калктын номиналдуу акчалай кирешеси 2023-жылга караганда 18,6% көбөйгөн.

Жогорулап жаткан керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептегенде калктын 2024-жылдагы реалдуу акчалай кирешеси 881,9 млрд сом болуп, өсүш 12,9% түзгөн.

Калк номиналдуу акчалай кирешенин 73,2% эмгек ишмердигинен тапкан. Калган 14,4% социалдык трансферттерден, 8,6% жеке көмөкчү чарбалардан жана 3,8% башка булактардан түшкөн.

Кыргызстанда акчалай кирешени бөлүштүргөндө калктын социалдык катмарларынын арасындагы айырма өтө чоң. 2023-жылы кирешеси эң аз 20% катмар менен эң байманалуу 20% калктын тапкан кирешесинин ортосундагы айырма 10 эсеге жеткен.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса