Добавить новость
ru24.net
World News
Июнь
2025

Колумбияда президенттикке талапкер куралдуу кол салууга кабылды

0

Колумбияда президенттикке талапкер Мигел Урибеге кол салуунун чоо-жайы териштирилип жатат. Окуя 7-июндун кечинде борбор калаа Боготада шайлоочулар менен жолугушуу өтүп жатканда болду.

Белгисиз бирөө сенаторду артынан атып кетти. Саясатчы оор абалда ооруканага жеткирилди.

Коргоо министри Педро Санчес куралдуу кол салууга шектүү киши кармалганын, азыркы тапта ал жалгыз болгонбу же башка да адамдар менен чогуу кылганбы, себеби эмнеде экенин териштирип жатышканын айтты.

Колумбия өкмөтү окуяны "саясатчынын өмүрүнө гана эмес, өлкөдөгү демократияга, сөз жана ой эркиндигине, мыйзамдуу саясий ишмердүүлүккө каршы багытталган кол салуу" деп атап, кескин айыптады.

АКШнын мамлекеттик катчсы Марко Рубио Вашингтон "колумбиялык сенаторго кол салууну өтө чечкиндүү түрдө айыптай турганын" билдирди.

39 жаштагы Мигел Урибе оппозициядагы "Демократиялык борбор" консервативдик партиясынын өкүлү. Ал Колумбиянын азыркы президенти, солчул саясатчы Густаво Петронун сынчыларынын бири.

Кезектеги президенттик шайлоо бул өлкөдө келерки жылы өтөт, Урибе ага катышарын жарыялаган. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса