Жогорку Кеңеш фамилияны жазууда жаңы варианттарды киргизген мыйзамды кабыл алды
Жогорку Кеңештин 11-июндагы жыйынында кыргызстандыктардын аты-жөнүн тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды. Долбоордун демилгечилеринин бири Мирлан Самыйкожо документти президент Садыр Жапаров артка кайтаргандан кийин комиссия түзүлүп, баары макулдашылганын тактады.
Мыйзам долбоорунда жарандардын тегатын (фамилиясын, атасынын атын) жазууда үч вариант сунушталууда.
Мисалы, Асанов Үсөн Эсенович жаңы сунушка ылайык, Үсөн Асан Эсен уулу кылып өзгөртө алат. Аял болсо, атасынын атына “кызы” деп уланат.
Экинчи вариантта чоң атасынын атына “теги” мүчөсү уланып, кошулуп жазылат. Мисалы, Асантеги Үсөн Эсен уулу деп аталат.
Дагы бир вариант катары фамилияга чоң атасынын ысымы кошулганда, атасынын атына эркектер үчүн илик жөндөмөнүн мүчөсү уланып жазылат. Ал эми аялдар үчүн чыгыш жөндөмүн мүчөсү кошулат. Мисалы, Асантеги Үсөн Эсендин, аял болсо, Асантеги Айгүл Эсенден.
Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Мирлан Самыйкожо азыркы мыйзамга ылайык, фамилияга “тегин” деген мүчө кошулуп жазылып жүргөнүн, бул сөз терс маанини берерин белгиледи. Долбоорду кайра карап чыгууга кайтарылганынын бир себеби “теги” деген мүчөнүн ордуна “тегин” деп жазуу сунушталган.
Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Кыргызстанда аты-жөнүн жазуунун бир канча вариантына жол берилет. Жаран фамилиясына чоң атасынын ысымын жана ага “тегин” мүчөсүн кошуп каттала алат. Мындан тышкары “уулу”, “кызы” болуп жазылса болот. Ошондой эле “-ов,-ев, -ова, -ева” мүчөлөрү кошулган фамилияларды тандай алат. Ал эми башка улуттардын өзүнүн каада-салтына жараша аты-жөнүн тандоого уруксат берилет.
