Аба ырайы: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн
Шашылыш билдирүү
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 13-июнга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. 12-июнга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 28…33;
Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 27…32;Баткен облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 26…31;Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 17…22, күндүз 27…32;Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24;Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15.Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 29…31 градус болот.
