Добавить новость
ru24.net
World News
Октябрь
2025

Тажикстандын муфтийи ботокс жана пластикалык операцияларды жасатууну сындады

0

Тажикстандын муфтийи, Уламалар кеңешинин төрагасы Саидмукаррам Абдулкодирзода өткөн жумадагы намаз учурунда ботокс жана татуировка жасаткан “мода” калк арасында жайылып жатканына тынчсыздануусун билдирди. Анын видеосу үч күн мурун Тажикстандын Ислам борборунун Ютьюб каналында жарык көрдү.

Муфтий ийне сайып жасалган косметикалык ыкмаларды исламда тыюу салынган “арам нерсе” деп атады. Анын айтымында, көптөгөн кыз-келиндер “башкаларды туурап”, бирок кесепетин ойлобой “илебин чоңойтуп, укол сайдырышат”.

Абдулкодирзода мурдун, жүзүн өзгөрткөн пластикалык операцияларды сындап, адамдын денесин “кудай жаратканын”, медициналык көрсөтмө болбосо каалагандай өзгөртүүгө "эч кимдин укугу жоктугун" айтты.

Эл аралык укук коргоо уюмдары аялдардын жүрүм-турумуна, сырткы келбетине байланышкан мындай чектөөлөр кабыл алынгыс деп сындашат.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса