Кыргызстандын тигүү тармагында эмгектенген ишкерлер Орусияга товарлары дээрлик өтпөй калганын, мындан улам айрым тигүү цехтери жабыла баштаганын билдирүүдө. Алардын айтымында, орус-казак чек арасында соңку үч айдан бери оор жүк тарткан унаалардын өтүшү татаал болууда.