Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору: үч өлкөнүн өкүлдөрү жолукту
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна байланыштуу үч өлкөнүн өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда 22-ноябрда жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
"Жолугушууга Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов жана Кытайдын атайын өкүлдөр катышты. Министр Абсаттар Сыргабаев долбоор белгиленген мөөнөттө аякташы керектигин белгилеп, курулуш иштерин тездетүү үчүн Кыргызстан бардык зарыл жардамды көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Учурда тоннелдерди казуу, убактылуу инфраструктураны куруу, уюштуруучулук жана административдик иштер жүрүп жатат",-деп жазылган маалыматта.
Бул темир жолдун курулушу былтыр жыл аягына расмий башталган.
Бишкекте “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу” ишканасы түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому. Бул ишкана темир жолду куруу үчүн Биргелешкен долбоорлоочу компания (БДК) болот. Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.
2024-жылы июнда Бээжинде долбоорду биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, каржылоо маселеси чечилген.
Долбоор наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн. Мунун жарымын – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн БДКга насыя катары берет. Кыргыз өкмөтү курулуштун уставдык капиталына 11 млрд сом бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги жарыялаган 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда жазылган. Темир жолдун курулушуна 20 миңден ашык адам жумушка тартылат.
Темир жол “Кашкар–Торугарт–Макмал–Жалал-Абад–Анжиян” багытында түшөт. Узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Темир жолдун 40% туннелдерден жана көпүрөлөрдөн турат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Расмий маалыматка ылайык, темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.
