Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2025

Шайлоо-2025: Талапкерлер кимдер жана шайлоо кандай өтүп жатат?

0

Биринчиден, Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатканы Кыргызстандын эгемендик тарыхында биринчи жолу болду.

Буга чейин 1994-жылы, андан кийин 2007-жылы ошол кездеги президенттин жарлыгы менен, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен парламент мөөнөтүнөн мурда таратылган.

Бул жолу 24-сентябрда 7-чакырылыштагы парламент өзүн-өзү таратты. Аны депутаттар жаңы кабыл алынган шайлоо мыйзамы жана кийинки жылы президенттик шайлоо менен удаа өтүп каларын себеп кылып, саясий туруктуулукту сактоо максаты менен түшүндүрдү.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалганына байланыштуу шайлоодо бардык жараяндардын мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылды.

Мисалы, кадимки режимде талапкерлерди көрсөтүү 45 күн болсо, бул жолу 30 күн болду, үгүт өнөктүгүнө кадимки шартта бир ай берилсе, бул ирет 19 күн гана берилди.

Боршайком билдиргендей, 4 294 243 шайлоочу добуш берет. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар. Соңку жылдары шайлоочулардын добуш берүү активдүүлүгү төмөндөгөнү байкалууда.

Маселен, буга чейинки жылдарда шайлоого дайыма стабилдүү түрдө 1,7 миллиондой шайлоочу катышып жүргөн болсо, 2021-жылдан баштап 1,4 миллион, айрым учурда андан да төмөн, мисалы, 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо 1,3 миллион болду

Дал ушул жагдайды эске алуу менен бул ирет аралыктан добуш берүү киргизилди. Ага ылайык, каттоосу башка жердеги шайлоочулар өз добушканасынын сырткары аймактарда добуш бере алат. Дал ушул жагдайдан улам БШК шайлоочулардын катышуу активдүүлүгү жогору болот деп ишеним артууда.

Шайлоо мыйзамы боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт)

Дал ушул 460 талапкердин 271 эркек, 189у аялдар.

Кыргызстан боюнча Сокулук району жана Бишкектин батыш бөлүгүндөгү айрым жаңы конуштарды кошкон №19 округда 25 адам каттоодон өтүп, эң көп талапкер чыкса, эң аз талапкер Манас шаарындагы №11 шайлоо округунда болду.

Мында беш гана адам талапкер болгон. Бир округдан үч депутат шайланарын эске алганда бул шаарда жеңилгендерден жеңүүчүлөр көбүрөөк болот.

Ал эми өлкө боюнча орточо эсепте округдардан 15ден талапкер катышууда.

Талапкерлердин арасынан 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 78и кайрадан шайлоого талапкер катары катышууда. Тактап айтканда, ар бир округда орточо үчтөн экс-депутат кайрадан мандат алууга ат салышууда.

Талапкерлердин эң жашы 25 жаштагы 12-округдан Бекмурза Чолпонбай уулу менен 29-округдагы Мадина Таштанбекова болсо, эң аксакалы профессор Сулайман Кайыпов.

Талапкерлердин ичинде бир округдан атаандаш болуп чыккан туугандар да болду.

Маселен, №15 Аксы, Ала-Бука округунан эже-сиңди Айсаракан жана Салтанат Абдибаевалар бири-бирине атаандаш болсо, №1 Баткен-Лейлек округунан Чыңгыз Ажыбаев жана Асель Набиева күйөө-бала, кайнеже.

Ал эми бир үй-бүлөдөн эки башка округда ат салышкан белгилүү илимпоз Сулайман Кайыповдун үй-бүлөсү болду. Тагыраагы, Кайыпов 12-округдан чыкса, уулу Эржан Сулайман 24-округдан ат салышууда.

Быйыл өзгөртүлгөн шайлоо мыйзамына ылайык, талапкердин шайлоо фонду 20 млн сомго, саясий партиялардыкы 300 млн сомго чейин көтөрүлгөн. Ошондой эле талапкердин үгүтчүлөрү 500дөн миң адамга чейин көбөйтүлгөн. Буга кошумча өлкө аймагында беш жыл туруктуу жашагандар гана талапкер боло алды.

Дал ушул жагдайлар буга чейин коомчулукта талкууланып, шайлоодо бардар талапкерлерге артыкчылык берилбейби деген суроолорду талкууларды жаратты.

Кыргыз бийлиги бул шайлоону тарыхта эң таза добуш берүү болорун утур-утур эскертүүдө. Бийликтин шайлоого өзгөчө көңүл бурушунун жөнү бар. Эгемен Кыргызстандын тарыхында үч жолу элдик толкундоолор дал ушул шайлоодогу нааразылыктардан улам чыккан.

Дал ушул жагдайдан улам бийлик бул жолку саясий өнөктүктү туруктуулук шартында өткөрүп, мыйзам бузууларга жол берилбесин убада кылып жатты.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса