Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2025

Президент Садыр Жапаров Орусияга иш сапар менен барды

0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Орусияга иш сапары 20-декабрда башталды.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, анын учагы Санкт-Петербург шаарынын "Пулково" эл аралык аэропортуна конду. Жапаровду Санкт-Петербургдун губернатору Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Орусиянын лидерлеринин жолугушуусу пландаштырылган. Ошондой эле Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

Иш-чаралардын алкагында евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык жана финансылык кызматташтыкты тереңдетүүнү, каботаждык ташууларды өнүктүрүүнү, энергетика тармагындагы кызматташтыкты, ошондой эле КМШ багыты боюнча өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын талкуулоо пландаштырылууда.

Сапардын жыйынтыгында ЖЕАК жыйынынын күн тартибинин алкагында тиешелүү чечимдер жана документтер кабыл алынары кабарланды.
Президнт Жапаров расмий сапар менен Токиого 18-декабрда барган. Ал эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн тышкары жапон бийлиги уюштурган Борбор Азия+Жапония лидерлеринин саммитине 20-декабрда катышкан.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса