Добавить новость
ru24.net
World News
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Тамак-ашты кайра иштеткен өндүрүштүн саны көбөйөт

0

Былтыр өлкө аймагында айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү жана соода-логистикалык инфраструктура багытындагы 63 объект пайдаланууга берилди.

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.

Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү алкагында былтыр өлкөдө дан өсүмдүктөрүн, мөмө-жемиш жана жашылчаны кайра иштетүүчү ишканалар, сүт азыктарын, эт, балык, жүн, өсүмдүк майын өндүргөн жана органикалык өндүрүш объекттери ачылган. 2707 жаңы жумуш орундары түзүлгөн.

2025-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгында, тамак-аш өндүрүшүнүн үлүшү 17,4% жеткен. Алдын ала эсептөөлөрдө 11 айда өндүрүлгөн азыктардын баасы 94,2 млрд сомду, физикалык көлөмдүн индекси 127,8 % түзгөн.

2026-жылы айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү 75 ишкананы ишке киргизүү пландалууда, инвестиция көлөмү 9,1 млрд сом деп эсептелүүдө.

2030-жылга чейин 385 айыл чарба өнүмүн кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу пландалууда, бул кайра иштетүүнүн деңгээлин 25% жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Бул тармакка салына турган жалпы инвестициянын көлөмү 20,96 млрд сомду түзөт. (ST)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса