Кыргызстанда 2025-жылдын 22-августунан тартып такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды лицензия алууга милдеттендирген жана оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. ИИМ былтыр 12-сентябрда лицензиялоону баштаган. Кийин анын мөөнөтү 1-февралга чейин узартылган.