Добавить новость
ru24.net
World News
Февраль
2026
1 2 3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Тагаев Опера-балет театрынын чарбалык имараты мамлекетке алынарын билдирди

0

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрынын эки кабаттуу имараты жер тилкеси менен кошо театрдан алынып жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Сеит Атамбаев айтып чыкты.

Депутат бул тууралуу парламенттин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин 2-февралдагы жыйынында билдирип, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевге суроо салды:

"Опера-балет театрынын жамааты буга каршы экен. Ал жөнөкөй эле чарбакана эмес. Ал жерде грим, кийим чечүүчү жайлар бар, театрга керектүү жабдыктардын баары ошол жерде даярдалат. Алгач ал жерге чогуу барып, акыбалын көрөлү. Мен келерки дүйшөмбү күнү барып келели деген сунуш киргизем", - деди Атамбаев.

Министрдин орун басары Марат Тагаев бул имарат опера-балет театрынын чарбалык имараты болгонун, 2016-жылдары атайын ижарага берилип кеткенин, учурда жер тилкеси менен чогуу алынып, анын ордуна 25 сотых жер берилерин билдирди:

"Мурдагы бийликтердин тушунда, 2016-жылдары ал имарат атайын эле ижарага берилип, четинен кыйрай баштаган экен. Мамлекет аны кайтарып, азыр аны башка максатта колдонууну чечти. Ал эми анын ордуна башка жерден 25 сотых жер берилет жана ал жерге жаркыраган жаңы имарат салынат. Мегаком тарабынан каржылык маселеси да чечилди", - деди Марат Тагаев.

2019-жылы опера-балет театрын оңдоого мамлекеттик бюджеттен 47 миллион сом жумшалганы айтылган.

Кыргызстандагы жалгыз опера жана балет театры 1937-жылы негизделген.(ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса