Өзгөндөгү аламан улактан кийин Ниязовго 5500 сом айып салынды
Ош облусунун Өзгөн районундагы Төрт-Көл айылында аламан улакты уюштуруучулардын бири Жаныш Ниязовго Укук бузуулар жөнүндө кодекс боюнча 5 500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Социалдык тармактарда 8-февралда өткөн аламан улактан кийин тоо-таштын баары таштанды болгон видео тараган. Ушундан улам министрликтин Экотехкөзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы айып салды.
Ушул тапта уюштуруучулар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар аймакты таштандыдан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Өзгөндө белгилүү улакчы Манас Ниязов уулдарына той берип, аламан улак уюштуруп байгеге бир нече автоунаа, төө, мал-жандык койгон. Ага миңдеген адам чогулуп, 27 жаштагы улакчы сууга түшүп каза болгон. Айрымдар ал сууга атын сугаруу үчүн барганын айтып жатышат.
Ушул эле аламан улакты көргөнү барган 26 жаштагы адам машинесин башкара албай жол жээгиндеги жарга түшүп кетип, ооруканада жатат. Бул окуяларды Ош облустук милициясы териштирүүдө. (BTo)
