Добавить новость
ru24.net
World News
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

БШК Нурланбек Тургунбек уулунун депутаттык мандатын алды

0

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 19-февралда өзү жазган арызынын негизинде Нурланбек Тургунбек уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, депутаттык мандатынан ажыратты.

Ал 19-февралда Фейсбуктагы расмий баракчасына пост жазып, ден соолугуна байланыштуу мандатып тапшырып жатканын жана быйыл президенттик шайлоону өткөрүү демилгесин көтөргөн 75 адамга байланышы жок экенин айткан.

Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин VII чакырылышына Аксы шайлоо округунан шайланып келип, 2022-жылы 5-декабрда да Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. 2025-жылы парламенттик шайлоодо №15 округдан депутат болуп келип, кайрадан спикер болгон.

Нурланбек Тургунбек уулу 12-февралда кызматтан кетип, муну Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаал менен байланыштырып, чечимди өз эрки менен кабыл алганын айткан.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган.

Бул кайрылууга байланыштуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган.

Президент Садыр Жапаров бул кайрылуунун арты менен айрым депутаттык топтор депутаттарды бөлүп-жарып баштаганын, ушундан улам Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан алганын айткан.

Нурланбек Тургунбек уулу УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири катары белгилүү. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса