БШК 23-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулаймановдун мандатын өз арызынын негизинде бир добуштан жокко чыгарды. Өткөн аптада да парламентте бир катар өзгөрүүлөр болду. Мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу мандатын тапшырса, айрым депутаттык топ жана комитет төрагалары алмашты.