Медербек Алиев спикердин биринчи орун басары болуп шайланды
Жогорку Кеңеште Чыңгыз Ажибаевдин ордуна депутат Медербек Алиев парламент төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды. Добуш берүү 26-февралда өтүп, Алиевдин талапкерлигин 74 депутат колдосо, үчөө каршы чыкты.
Ушул эле күнү Чыңгыз Ажибаев өз каалоосу менен биринчи вице-спикерликтен кеткенин парламент төрагасы Марлен Маматалиев жарыялаган.
Депутат Бекмырза Эргешов да Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамынан өз каалоосу менен кетип, анын ордуна Улукбек Узакбаев шайланды.
Мунун алдында жыйында депутат Исманали Жороев Ажибаев боюнча маалыматтар боюнча укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүшү керектигин айтып чыкты. Ал коомчулукта Ажибаевдин атасынын кылмыштуу дүйнөгө тиешеси бар экени боюнча маалыматтар тарап жатканын белгиледи.
Депутаттын айыптоосу боюнча Чыңгыз Ажибаев комментарий бере элек.
Чыңгыз Ажибаев былтыр парламенттик шайлоодо №1 округдан утуп келип, 17-декабрда парламент төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланган. Ал 2021-жылы №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп келген.
Анын атасы Ильяскожо Ажибаевдин кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү интернетке жарыяланып, коомчулуктун талкуусуна түшкөн. УКМК кылмыштуу топтон баш тарттыруу иштери жүргөнүн кабарлап, алардын катарында Ажибаев да болгон.
Чыңгыз Ажибаев жакындарынын криминал менен байланышы тууралуу маалыматтарды четке каккан.
39 жаштагы Медербек Алиев Жогорку Кеңештин 8-чакырылышына №19 шайлоо округунан шайланып келген. 2021-жылы “Ишеним” партиясынын тизмеси менен парламенттин 7-чакырылышынын депутаты болгон.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырды. Акыркы саясий окуялардын фонунда Кундузбек Сулайманов жана Элдар Сулайманов да өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды. Мындан тышкары Жогорку Кеңеште комитеттердин, депутаттык топтордун төрагалары алмашып жатат.
