Добавить новость
ru24.net
World News
Март
2026
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Парламентте депутаттар Карыбек уулу менен Алиев кайрадан кайым айтышты

0

Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу менен төраганын биринчи орун басары Медербек Алиев кайым айтыша кетти. Жыйындын башында Карыбек уулу парламенттин чыгарган мыйзамдары тууралуу кайрылуу жасап, кабыл алынган документтердин пайда-зыянын талдап турган институт ачууну сунуштады.

Алиев Карыбек уулунун демилгесин кубаттап, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн депутаттардын тажрыйбасы болушу керектигин айтты.

“Жогорку Кеңеш мыйзамдарды жөн эле кабыл албастан, алардын аткарылышын көзөмөлдөшүбүз керек. Ал үчүн депутаттар эң башында билимдүү, мамлекеттик кызматтан тажрыйбабыз болушу керек, төрөтканаларда чуркап жүрө бербестен”, - деди Алиев.

Бул пикирге Карыбек уулу кайра жооп берип, Алиевдин өзүн кыйытып сынга алды.

“Сүзмөдөй сүзүлүп, сүйлөсөмбү-сүйлөбөсөмбү же мамлекеттик кызматта Кыргызстанда жападан жалгыз мен гана билимдүүмүн, кыйынмын, менден башканын баары келесоо, акмак деп өзүнөн башканы тоготпогон мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө дагы белгилеп коюшубуз керек. Анткени алар канчалык эмгек жасады, анын баарына коом күбө болуп турат. Ар бир мамлекеттик кызматкер, анын ичинде депутаттар, өзгөчө жоопкерчиликтүү кызматта отурган өкүлдөр ошону сезишибиз керек”, - деди Карыбек уулу.

Төрага Марлен Маматалиев аягында депутаттардын этикасы тууралуу бир канча документ бар экенин белгиледи.

Эки депутат 3-мартта парламенттин тармактык комитетинин жыйынында да Алиев сунуштаган маңзат колдонууга жана жайылтууга чараларды күчөтүү боюнча долбоор каралып жатканда кайым айтыша кеткен. Алиев Карыбек уулуна “куру блогерликти таштоого” чакырса, ал “блогер болсо да азыр элдин өкүлү экенин жана депутаттарда бирдей укук бар экенин” эске салган.

Улукбек Карыбек уулу парламентке келгенге чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон. Мурда "Манас жаңырыгы", "Марва" телеканалдарында иштеп, соңку кездери блогерлик менен алектенип, социалдык маселелерди көтөргөн берүүлөрдү тартып келген.

Медербек Алиев Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышына №19 шайлоо округунан шайланып келген. 2021-жылы “Ишеним” партиясынын тизмеси менен парламенттин VII чакырылышынын депутаты болгон.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса