Добавить новость
ru24.net
World News
Март
2026
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Манаста сот алимент төлөбөй жүргөн жаранды эки жылга кести

0

Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы маалымдагандай, Жалал-Абад облустук сотунун чечиминин негизинде алимент төлөбөй жүргөн Т.Ш.А. аттуу жаран эки жылга эркиндигинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды.

Маалыматка ылайык, Сот аткаруучулар кызматына Жалал-Абад (Манас) шаардык сотунун чечиминин негизинде карызкор Т.Ш.А.дан 2018-жылдын 18-апрелинен тартып кирешесинин тең жарымын алимент катары өндүрүү тапшырмасы берилген.
Өндүрүүнүн жүрүшүндө карызкор алиментти толук төлөбөй, 2025-жылдын март айына карата карызы 700 миң сомду түзгөнү аныкталган. Сот аткаруучулар бул боюнча тиешелүү материалдарды Ички иштер органдарына жиберишкен.

Буга байланыштуу былтыр ноябрда Манас шаардык соту аталган жаранга карата пробациялык көзөмөл жазасын чегерген. Нааразы тараптын апелляциялык арызын караган Жалал-Абад облустук соту 26-февралда мурдагы чечимди четке кагып, айыпталуучуну эки жылга эркиндигинен ажыраткан.

Сот аткаруучулар кызматы алимент төлөө милдетинен качкан жарандарга мыйзам чегинде чара көрүү улантыларын эскертти.

Алимент төлөбөгөнү үчүн камакка алуу учуру буга чейин Баткенде катталган. 500 миң сомдон ашуун алимент карызы бар тургун Баткен райондук сотунун чечими менен эки жылга кесилип, сот залынан камакка алынган.

Сот аткаруучулар кызматы алимент төлөбөй жүргөн айрым жарандардан ири суммадагы алимент кайтаруу иштерин жүргүзүп келишет. Жакында Токтогулда 1 млн сомго жакын, Ноокатта 0,5 млн сомдон ашуун алимент балдарына өндүрүлүп берилген.

Башкы прокуратура былтыр 2025-жылы өлкөдө 1 миң 200 киши алимент төлөбөй жүргөнүн билдирген.

Сот департаментинин маалыматына ылайык, учурда алимент карызы боюнча 59 миңден ашык иш ачык турат. Расмий маалыматка караганда, өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөйт. (ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса