Добавить новость
ru24.net
World News
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26
27
28
29
30
31

Иранда интернеттин өчүрүлгөнүнө 26 күн болду

0

Дүйнөдөгү интернеттин абалын көзөмөлдөгөн NetBlocks уюмунун маалыматына ылайык, Иранда интернеттин өчүрүлгөнүнө 600 сааттан ашты. Өлкөдө 26 күндөн бери дүйнөлүк желе жок.

«Бул чара жарандарды эл аралык тармактардан ажыратып, согуш маалында маалымат алуу укугун бузууда», — деп билдирди NetBlocks 25-мартта X социалдык тармагы аркылуу.

Жыл башынан бери Иранда интернет экинчи жолу өчүрүлдү. Алгач 8-январда өлкө боюнча нааразылык акциялары күчөгөн учурда үзүлгөн.

Учурда интернет трафиги кадимки деңгээлге салыштырмалуу 1% чейин төмөндөп, 90 миллионго жакын калктын басымдуу бөлүгү толук маалымат ала албай калды.

VPN же спутниктен алынган интернет да барган сайын чектелип, аларды колдонуу ирандыктар үчүн кооптуу болуп бара жатат.

АКШ менен Израил 28-февралда Иранга абадан сокку ура баштаган. Расмий Тегеран буга жооп катары Перс булуңундагы өлкөлөрдө жайгашкан америкалык базаларды жана башка инфратүзүмдөрдү бутага алып келет.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса