Добавить новость
ru24.net
World News
Март
2026

Иран Дубайдын жээгинде турган мунай танкерине сокку урду

0

Дубайдын жээгинде ирандык дрон мунай тарткан Al-Salmi танкерине тийди. Кувейтке таандык кеме чийки мунай жүктөп, портто турганда соккуга кабылганын The Guardian жазды.
Дубайдын бийлиги кемеде өрт өчүрүлгөнүн, экипаждын мүчөлөрү жабыркабаганын, танкерден мунай акпаганын билдирди. Al-Salmi эки миллион баррелге чейинки мунай ташууга ылайыктуу. Азыркы баа боюнча андагы мунайдын наркы 200 миллион доллардан ашат.
The Guardian белгилегендей, сокку тууралуу маалыматтардан кийин мунайдын баасы бир аз убакыт көтөрүлдү. The Wall Street Journal АКШ президенти Дональд Трамп Ормуз жабык болоруна карабай Иранга каршы аскердик операцияны токтотууга даярдыгы тууралуу жазгандан кийин баа бир аз түштү.

30-мартта Трамп Иран менен сүйлөшүүлөрдө жылыш болгонун жарыялаган. Эгерде жакын арада мунаса табылбай, Ормуз кысыгы соода үчүн ачылбаса, АКШ Ирандан "кетерин", анын бардык электр станцияларын, мунай скважиналарын жана Харк аралын толук жардырып, жок кыларын билдирген.
Ушул эле күнү ирандык SNN телеканалы Иран парламентинин улуттук коопсуздук комиссиясынын мүчөсү Алаэддин Боружердиге таянуу менен Ормуздан өтүү үчүн акы алынарын кабарлаган.
Быйыл 28-февралда АКШ менен Израилдин биргелешкен аскердик операциясы башталганда Иран Ормузду жаап койгон. Ага чейин бул кысык аркылуу дүйнөлүк мунай жана күйүүчү майдын 15–20%, суюлтулган газдын 30% чукулу өтүп турган.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса