Президенттин Баткендеги өкүлү автокырсыкта жабыркаган жоокерден кабар алды
8-апрелде президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Лейлектеги автоунаа кырсыгынан жабыркап, комада жаткан жоокердин абалы менен таанышты.
Анын ата-энесине жолугуп, жоокерге бардык тийиштүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп жаткандыгын, муктаждык болсо дарылануусун улантуу үчүн борборго жеткирилерин айтты.
Облус башчысы мындан тышкары Ош, Бишкек шаарларынан атайын чакыртылган дарыгерлер менен да сүйлөштү. Бейтапкананын жетекчисине жоокерди дарылоого керектүү бардык шарттарды түзүүнү тапшырды.
Учурда Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан жоокердин абалы оор деп бааланууда.
Лейлек районундагы "Ак-Суу" чек ара бөлүмүндө кызматын өтөп жаткан Данияр Нурбеков 4-апрель күнү "Кайрагач" чек ара бекетине баратканда автоунаадан ыргып кеткенин Чек ара кызматы кабарлаган. Ага ылайык, жоокер УАЗ-Пикап автоунаасы менен тоолуу жолдо бара жатып, катуу силкингенде ыргып, жерге түшүп кетип, эс-учун жоготкон.
Данияр Нурбеков 2004-жылы Ноокен районунун Масы айылында туулган. Аскерге 2025-жылдын сентябрь айында чакырылган.
Саламаттык сактоо министрлиги жоокердин абалы туруктуу оор экенин, Лейлекке нейрохирургдар жиберилгенин билдирген.
Акыйкатчы институтунун маалыматын=да, былтыркы сегиз айда Коргоо министрлигинин аскер госпиталына жалпысынан 783 адам кайрылса, анын 114ү катардагы жоокерлер. Январь-июль айларында 8 аскер кызматкери жараат алган.(JsA/ZKo)
