Казакстандын Талды-Коргон шаарында расмий катталбаган «Атажурт» кыймылынын 19 мүчөсү жана тарапташы "улуттар аралык кастыкты козутуу" үчүн айыптуу деп табылды. Жети активист 5 жылдан абакка кесилди. Алар былтыр күздө Шинжаңдагы мусулмандарды куугунтуктоону токтотууну талап кылган акция уюштурган.