Добавить новость
ru24.net
World News
Апрель
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

АКШ Оман булуңунда Ирандын жүк ташуучу кемесин кармады

0

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранды ок атышууну убактылуу токтотуу келишимин бузду деп сындап, америкалык күчтөр ирандык жүк ташуучу кемени кармаганын билдирди.

Ал 19-апрелде өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө Тегеран эпке келбесе, Ирандын маанилүү инфраструктурасы, көпүрө жана электр станциялары талкаланарын эскертти.

"Бүгүн Ирандын желеги астында жүк ташуучу Touska кемеси биздин деңиздеги курчоону бузууга аракеттенип, бирок андан майнап чыккан жок. АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн ракеталык Spruance эсминеци аны кармап, токтоо тууралуу так эскертүү берди. Ирандык экипаж буга баш ийбей койгондуктан, биздин кеме анын машина бөлүгүн тешип токтотту. Кеме азыр АКШнын деңиз аскерлеринин карамагында. Touska буга чейинки мыйзамсыз иштерине байланыштуу Каржы министрлигинин санкцияларына кабылууда. Биз кемени толук көзөмөлдөйбүз жана анда эмне бар экенин текшерип жатабыз", - деп жазды Трамп.

Ирандын бийлиги кеменин кармалышын “каракчылык” деп атады. АКШнын бийлигин ок атышууларды убактылуу токтотуу келишимин бузду деп айыптап, буга жооп кайтара турганын билдирди.

Быйыл 28-февралда Израил менен АКШ Иранга сокку уруп, Тегеран ага жооп кайтарып Перс булуңундагы америкалык базалар жайгашкан өлкөлөргө сокку ура баштаганда дүйнөлүк мунай жана газдын 20% ашууну ташылган Ормуз кысыгын жаап койгон. Бул дүйнөлүк рынокто мунайдын кымбатташын шарттады.

Тегеран 17-апрелде элдешүү маалында коммерциялык танкерлер үчүн Ормуз ачылганын маалымдап, кийинки күнү Ирандын портторун АКШнын курчоого алуусу уланып жаткандыктан, кысыкта аскердик көзөмөл калыбына келтирилгенин айткан.

Ормуз кысыгы Перс жана Оман булуңдарын туташтырат, андагы суу каттамдары негизинен Иран көзөмөлдөгөн аймактан өтөт.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса