Бишкекте бир жашар баласын сабоого шектүү келин кармалды
Бишкектин Свердлов райондук милициясы бир жашар баласын сабоого шек санап, 25 жаштагы келин кармалганын билдирди.
Милициянын басма сөз кызматы кабарлагандай, 102 кызматына келин баласын уруп жатканы тууралуу маалымат 26-апрелде саат 7:35 чамасында түшкөн.
Окуя болгон жерге милиция кызматкери барганда маалымат тастыкталганын, шектүү баласы менен кошо милицияга жеткирилгени айтылды.
Азыр тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Шектүү келинге Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренесине ("Үй-бүлөлүк зомбулук") ылайык протокол түзүлдү. Наристе коопсуздугун камсыздоо максатында Свердлов райондук Балдарды колдоо жана коргоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда адистештирилген балдар мекемесине өткөрүлүп берилген.
Бишкек шаардык милициясы жарандарды балдарга карата зомбулук фактыларына кайдыгер карабоого, мындай учурларда 102 номуру аркылуу укук коргоо органдарына кабарлоого чакырды.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, өлкөдө балдарга карата кылмыштар өсүүдө. Кыргызстанда быйылкы эки айда ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 4590 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2025-жылдын ушул айына салыштырганда 44% же 1416га көп.
Зомбулуктан жабыркагандар арасында кичинекей балдар да бар экени кабарланган. (ZKo)
