Камчыбек Ташиевдин саясаттагы орду кандай болот?
Камчыбек Ташиевдин кайтып келиши жана анын коомдук-саясий кырдаалга таасири туурасында ар кандай пикирлер айтылып жатат. "Азаттык" саясат талдоочу Эмил Жороевду кепке тартып, бир нече суроо узаттык.

Камчыбек Ташиевдин кайтып келиши жана анын коомдук-саясий кырдаалга таасири туурасында ар кандай пикирлер айтылып жатат. "Азаттык" саясат талдоочу Эмил Жороевду кепке тартып, бир нече суроо узаттык.
19-мартта Бишкекке кайтып келген Камчыбек Ташиев милицияда беш сааттай сурак берди. Иран Катардын энергетика объектилерине чабуул койду. Муну утурлай Израил Ирандагы мунай-газ объектилерине сокку урган. Ал арада Трамп Израилдин макулдашылбаган чабуулун айыптады.
Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти туристтик жана ишкердик визаларды (B1/B2) алуу үчүн арыз бергенде күрөө төлөө талап кылынган өлкөлөрдүн тизмесине дагы 12 мамлекетти кошту. Алардын арасында Грузия, Монголия, Камбоджа, Эфиопия, Гренада, Лесото, Маврикий, Никарагуа, Папуа–Жаңы Гвинея, Сейшел аралдары жана Тунис бар. Бул өлкөлөрдүн жарандары виза алуу үчүн 15 миң долларга чейин күрөө төлөшү керек. АКШ бийлигинин маалыматына ылайык, эгерде виза алган адам өз убагында мекенине кайтып келсе же сапардан баш тартса... Читать дальше...
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Ички иштер министрлигинде сурак берди. Ал бир ай мурда кызматынан бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткен. Мындан кийин анын бир топ тарапташтары иштен алынып, сегиз депутат мандатын тапшырган. Мурдараак "75 кишинин катына" байланыштуу кылмыш иши козголгон, аз күн алдын "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасындагы күмөндүү фактылар боюнча иш ачылды. Саясатчы мына ушул иштерге байланыштуу сурак бергени кабарланды.
АКШнын Каржы министри Скотт Бессент Вашингтон жакын арада танкерлерде топтолуп турган болжол менен 140 миллион баррел иран мунайына коюлган санкцияларды жеңилдетиши мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, бул кадам Иран Ормуз кысыгын жапкандан улам көтөрүлгөн баанын өсүшүн басаңдатууга багытталган. Бессент 19-мартта Fox Business телеканалына берген маегинде бул топтолгон кошумча мунай «10 күндөн эки жумага чейинки керектөөнү жаба аларын» жана рынокту турукташтырууга жардам берерин айтты. Ал ошондой... Читать дальше...
Мунайдын дүйнөлүк рыноктогу баасы бейшембиде кайрадан өстү. Анын алдында Иран маанилүү газ кенине урулган соккуга жооп иретинде Жакынкы Чыгыштагы энергетикалык жайларды бутага алганда Катардагы ири газ комплекси жабыркаганы кабарланган. АКШнын президенти Дональд Трамп Израил Ирандын маанилүү объектисине макулдашпай, өз алдынча чабуул койгонун айтып, ошол эле маалда Тегеранга эскертүү жасады. Энергетикалык жайларды аткылоо үч жумадан бери уланып келаткан согуштагы кооптуу эскалация болуп калды.
Перс булуңундагы бир катар өлкөлөр бейшемби күнү энергетикалык объектилерге дрондор менен сокку урулганын билдиришти. Мунун алдында Израил армиясы Ирандагы Түштүк Парс газ кенине абадан чабуул койгон. Reuters агенттиги өз булактарына таянып, Сауд Арабиясынын Кызыл деңиз жээгиндеги Янбу портунда жайгашкан эң ири SAMREF мунай иштетүүчү заводуна дрон сокку урганын билдирди. Saudi Aramco жана ExxonMobil компанияларына таандык SAMREF заводу күнүнө болжол менен 400 миң баррель мунай иштетет жана Сауд... Читать дальше...
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Нооруз жана Орозо айт майрамдарын утурлай 392 соттолгон адамга ырайым берүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 223 адам негизги жазадан толук бошотулган. Дагы 82 адам шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылса, 34 адамдын эркинен ажыратуу жазасы жеңилирээк жазага алмаштырылган. Ал эми 53 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылган. Ырайым берилгендердин арасында 3 чет өлкөлүк жаран, 26 аял бар. Читать дальше...
Мунайдын дүйнөлүк рыноктогу баасы бейшембиде кайрадан өстү. Анын алдында Иран маанилүү газ кенине урулган соккуга жооп иретинде Жакынкы Чыгыштагы энергетикалык жайларды бутага алганда Катардагы ири газ комплекси жабыркаган.
Өзгөчө оор кылмышка шектелип Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган адам Кыргызстанда кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 19-мартта тараткан маалыматка ылайык, Өзбекстандын 41 жаштагы жараны өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлердин эл аралык реестрине киргизилип, Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Атайын кызмат шектүү ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында кармалганын маалымдады. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында камакта. Коопсуздук кызматы учурда иштин жагдайларын аныктоо иштери жүрүп... Читать дальше...