Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2018

Кыргыз эл артисти Фахридин Баяков дүйнөдөн кайтты

0
Кыргыз эл артисти, комузчу, Ош мамлекеттик университетинин профессору, педагог Фахридин Баяков дүйнө салды. Бул тууралуу Ош мамлекеттик университетинен билдиришти.  


Белгилүү комузчу жана аткаруучу Фахридин Баяков Ош мамлекеттик универститетинде жана Рыспай Абдыкадыров атындагы филармонияда эмгектенип келген.


Ал 1949-жылы Тажикстандын Жерге-Тал районунда төрөлгөн. 1969-жылы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жданов орто мектебин аяктаган. 1979-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүтүрүп, 1973-жылдан бери ОшМУнун искусство факультетинде эмгектенип келген. Ошол эле учурда Оштогу Абдыкадыров атындагы филармонияда иштеп жүргөн. Баяков маданият тармагындагы бир нече муунга тарбия берген устат катары белгилүү.


Эл артисти Фахридин Баяков быйыл 11-февралда 70 жашка толмок. (YI)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса