Өкмөт: Сапар Исаковдун Мергенбаевдин камалышына тиешеси жок
Анда ишкер Эркинбек Мергенбаев Бишкек шаардык сотунун чечими менен күнөөлүү деп табылып, алты жылга эркинен ажыратылганы, кылмыш ишин Башкы прокуратура 2015-жылдын 11-сентябрында козгогону эске салынган.
"Иликтөөнүн жүрүшүндө бир нече жолу курулуш-техникалык жана соттук-эсептик экспертизалар жүргүзүлдү. Алардын баары иштин акысы жогорулатылганын көрсөттү. Мындан тышкары Мергенбаев тарабынан ипподромго алып келинген отургучтар Кыргызстандын аймагына бажы көзөмөлүсүз жана төлөмүсүз киргизилгени аныкталды. Премьер-министрдин тергөө менен соттук жараянга кийлигишүү укугу жок. Сапар Исаков сотко жана анын андан аркы аракеттерине басым болбошу үчүн чыгарылган чечимге комментарий бербейт", - деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.
Ошол эле кезде депутат Жанар Акаевдин "Ууру жүрөт, карма ууруну карма деп" деген билдирүүсү туура эмес маалыматка негизделгени, ал "мазактоо" мүнөзүндө жазылганы белгиленген.
17-январда "Азаттыкка" Көчмөндөр оюндарына карата Чолпон-Атадагы ат майданды курган “Темир канат” ишканасынын башчысы Эркинбек Мергенбаевдин камалышы боюнча макала чыккандан кийин Жанар Акаев "Фейсбуктагы" баракчасына "буга премьер-министр Сапар Исаковдун катышы бар" деген ойду калтырып, бийликти адилеттүү болууга чакырган.
Жогорку сот Эркинбек Мергенбаевге шаардык соттун чечими былтыр ноябрда чыкканын ырастаган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнүн бешинчи пункту ("Аткезчилик"), 210-беренесинин 3-бөлүгү ("Салыктан качуу") боюнча алты жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөй турганы ачыкка чыккан.
Мергенбаевге ат майданына "отургучтарды Кытайдан аткезчилик жол менен алып келген, салыкты жашырган" деген кине коюлган.
