Иордания Падышасы Иерусалим боюнча тынчсыздануусун билдирди
Падыша Чыгыш Иерусалим келечектеги Палестина мамлекетинин борбору болушу керектигин кошумчалады. Абдулла II ошондой эле Иерусалим мусулмандар, жөөттөр жана христиандар үчүн ыйык шаар экенин белгиледи.
Пенс падышага меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, бир нече ирет аны "досум" деп атады. Пенс өз сөзүндө террочулукка каршы биргеликте күрөшкө, "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы күрөштө жетишилген прогресске токтолду. Вице-президент Дональд Трамптын Иерусалим боюнча чечими "тарыхый чечим" болгонун айтып, Иорданиянын бул тууралуу пикирин сыйлай турганын да кошумчалады.
АКШнын вице-президенти Майк Пенстин Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине болгон сапары уланууда. Иорданиядан мурда ал Египетте болгон.
