Прагада мейманканадагы өрт төрт кишинин өмүрүн алды
Курман болгондордун экөө ооруканада көз жумду. Жалпысынан жабыркагандардын саны онго жеткен.
Полиция билдиргендей, каза болгондордун бири Германиянын, экинчиси Түштүк Кореянын жарандары, дагы экөөнүн тек жайы такталууда.
Мейманканадагы кырктай адам коопсуз жайга көчүрүлгөн. Айрым маалыматтарга караганда, мейманкананын ичиндеги кууш коридорлор жана ыңгайсыз тепкичтер өрт өчүрүүчүлөргө тоскоолдук жараткан.
Өрттүн тутанышына эмне себеп болгону белгисиз.
