Франция Коопсуздук кеңешин чогулууга үндөдү
17-январда Түркия бийлиги Сириянын Африн аймагында күрт кошуундарына каршы аскерий операция баштаганын билдирген. Бул маалыматты 21-январда Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым ырастап, операцияга авиация жана оор аскерий техника тартылганын кошумчалады.
Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти Түркияны Сириянын түндүк-батышындагы күрттөргө чабуул койбоого чакырган. Департамент Анкара анын ордуна "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшкө көбүрөөк көңүл буруусу зарылдыгын белгилеген.
Күрттөрдүн Элдик коргонуу кошууну деп аталган тобуна Кошмо Штаттар колдоп, Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөштө жардам берип келсе, Түркия бул кошуунду террордук топ деп эсептейт.
14-январда болсо АКШ баштаган эл аралык коалиция күрттөр жетектеген кошуундарга 30 миң кишиден турган чек ара күчтөрүн түзүүгө жардам берерин жарыялаган. Буга Түркия караманча каршы экенин билдирген.
