Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2018

Чүйдө ок атууга жеткирген жаңжал иликтенүүдө

0
Чүйдүн Жайыл районунда эки киши жолдо чатакташып, бири экинчисин травматикалык тапанча менен башка атып жарадар кылды. Жабырланган киши ооруканага жеткирилген. 


Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, окуя 9-февралда болгон. Тапанча аткан киши автоунаасына отуруп качып кеткен. Анын машинеси BMW үлгүсүндө экени айтылууда. 


Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 234 ("Бейбаштык") беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүүнү кармаган. Ал Панфилов районунун 25 жаштагы тургуну экени маалымдалды. Шектүүдөн травматикалык тапанча табылып, экспертиза дайындалган. Колго түшкөн адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса