Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2018

Кыргызстанда 20 гана мадыл калды

0
Кыргызстанда 20 баш гана мадыл (жапайы мышык) калды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги билдирди. Бирок мекеме былтыр канча мадыл болгонун жазган жок.


Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги былтыркы эсеп менен Кыргызстанда 34 миң 443 тоо теке, 1 миң 207 каман, 3 миң 832 элик, 26 миң 728 улар, 19 миң 656 кыргоол, 17 миң 558 кекилик-чил бар экени аныкталган.


Ал эми "Кызыл китепке" кирген жаныбарлардан 313 бугу-марал, 1 миң 34 сүлөөсүн, 199 аюу, 20 мадыл, 436 бүркүт, 195 тоодак, 434 суусар, 12 миң 628 “Марко поло” аркарлары, 4 миң 13 "Тянь-Шань" аркарлары саналган.


Былтыр 18-июнда өкмөт киргизген жобого ылайык, илбирс аткандар 1,5 млн. сом, аюу менен аркар аткандар 1 млн. сом, эчки-теке аткандар 100 миң жана элик аткандар 50 миң сом айыппул төлөйт. (ErN)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса