Кабулда Нооруздагы жардыруу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды (видео)
Анын маалыматында жанкечти жардырууну Ооганстандагы диний азчылык болгон шииттер Ноорузду майрамдап жаткан учурда жасаганы айтылат.
Ооганстандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, андан кеминде 26 кишинин өмүрү кыйылып, 18си жаракат алды.
Курмандыктардын көбү жайкын тургундар болгон. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, алардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Кандуу окуя Кабулдагы Карт-и- Шакхи мечитинин сыртында болду. Жанкечти өзүндөгү бомбаны мечитке кирип бара жатып жардырган.
Кабулда акыркы айларда “Талибандын” да, “Ислам мамлекети” тобунун да согушкерлери чабуулдарын күчөттү. (UE)
"Азаттыктын" дүйнө жаңылыктарынын видеосу
