Малайзия: Нажиб Разактын резиденциясына темир тосмо орнотулду
Мунун алдында парламенттик шайлоодо жеңишке жетип, премьер-министрлик орунга келген оппозициялык блоктун лидери Махатхир Мухамад Наджибди жана анын жубайын өлкөдөн чыгарбоо тууралуу буйрук бергенин ишемби күнү билдирген.
9-майдагы парламенттик шайлоодо утулуп калган Нажиб Разак жубайы менен Индонезияга кетүүгө камынып жатканын мурдарак "Рейтерс" агенттиги жазган.
Малайзиядагы парламенттик шайлоодо 92 жаштагы ардагер саясатчы Махатхир Мухамаддын оппозициялык биримдиги жеңген. Саясат талдоочулар 1957-жылдан бери өлкөнү башкарып келаткан бийликтеги коалиция үчүн бул чоң сокку болгонун айтышкан. (КE)
