Мюллер Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишүүсү боюнча иликтөөнү 1-сентябрга бүтүрөт
"New York Times" апрелдин акырында Мюллер Трамптын адвокаттарына Орусиянын 2016-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсү боюнча 40 суроо менен кайрылганын кабарлаган.
Мюллер Трамптын шайлоо штабы Демократиялык партиядан көрсөтүлгөн атаандашы Хиллари Клинтондун дараметин азайтыш үчүн Кремл менен сүйлөшүүгө барган-барбаганын изилдеп жатат.
