“Талибан” Кабулдун тургундарына ири чабуулдар болоорун эскертти
Ооан бийлигинин тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо тууралуу февралдагы сунушунан баш тарткан талибдер кийинки убакта чабуулдарын күчөттү. Акыркы айларда “Талибан” жана экстремисттик “Ислам мамлекети” тобунун Ооганстандагы канаты Кабулда ири чабуулдарды уюштура баштады.
30-апрелде "Ислам мамлекети" тобунун жанкечтиси жасаган кош теракттан 30 киши, анын ичинде тогуз журналист набыт кеткен. Алардын арасында «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын ооган кызматынын эки кызматкери жана бир стажеру болгон.
