Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2018

Кытай уйгурлардын укугу тууралуу билдирүүлөрдү четке какты

0
Кытайдын мамлекеттик медиасы Шинжаң аймагында уйгур азчылыгынын укугу бузулуп жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагып, тескерисинче, коопсуздук күчтөрү аймакта "чоң трагедияны" алдын алганын билдирди. "Global Times" гезитинин 13-августта кытай жана англис тилдеринде жарыялаган макаласы Кытайдын Бириккен Улуттар Уюмунун комитетинде үч күн мурда айтылган билдирүүлөргө жооп катары каралууда.


"Шинжаң аймагы "Кытайдын Сириясы" же "Кытайдын Ливиясы" болуп калуудан кутулду",-деп айтылат мамлекеттик гезиттин макаласында.


10-августта БУУнун Расалык дискриминацияга каршы комитети Кытайдагы уйгур жарандарынын абалына "терең тынчсыздануусун" билдирген. Комитеттин Женевадагы жыйынында Кытайда миңдеген этникалык уйгурлар "экстремизмге каршы борборлордо" жана "кайра тарбиялоочу лагерлерде" кармалып турганы айтылган. Ошондой эле Кытайдын уйгурлар жашаган аймагы "туткундардын ири жайына" айланып баратканы белгиленген.


Улуттар Уюмунун көз карандысыз эксперттерден турган комитетинин маалыматы боюнча, Шинжаңда кармалган уйгур жана мусулман азчылыктарынын көбүнө расмий түрдө айып тагылган эмес же соттук териштирүүлөр болгон эмес.


Кытай бийлиги Шинжаң аймагында жергиликтүү уйгурлар менен кытайлардын ортосуна от жагууну көздөгөн исламчыл согушкерлердин жана жикчилдердин коркунучу күч экенин билдирип келет.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса