Чеченстанда полицияга кол салган өспүрүмдөр өлтүрүлдү
“Интерфакс” агенттигинин маалыматына караганда, кылмышкерлер менен атышуудан бир полиция кызматкери окко учуп, үчөө жарадар болгон.
Дүйшөмбүдө Чеченстанда дээрлик бир маалда полицияга бир нече куралдуу кол салуу болду. Аларды "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу уюштурганын кабарлаган.
Бирок учурда Меккеде жүргөн республиканын башчысы Рамзан Кадыров "Телеграммдагы" каналы аркылуу чабуулдарды "Курман айт майрамында бүлүк салуу" катары баалады. Ал акыркы окуяларды уюштургандарды "Чеченстанда террордук чабуул кое ала турган күчтөр бар экенин көрсөтүүнү каалагандар" деп атады.
Кылмыштуу топтордун таасири, кландардын атаандаштыгы бул аймактагы куралдуу кагылыштарга себеп болуп келет. Бийликтин сынчылары Кремл жана Кадыров өз атаандаштарын согушкер катар мүнөздөп, куугунтуктаган учурлар бар экенин белгилешет.
